Сузак районундагы 10 айылда эки суткадан бери электр энергиясы жок.
«Жалал-Абад электро» ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай,
ишембиде калың кар жааганына байланыштуу авария катталган. Учурда аталган
аймактарда 8 бригада калыбына келтирүү иштерин жүргүзүп жатат.
Райондун айылдарына бүгүн кечке чейин электр жарыгы берилет, — дешти ишканадан.