Кыргызстанда  экстремисстик сайттар жабылды

Кыргызстанда  экстремисстик сайттар жабылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, аларды аныктоо үчүн Интернеттеги социалдык түйүндөрдө мониторинг жүргүзүлгөн.

 

Натыйжада соттун чечими менен 44 сайт жана 10 аккаунт тосмо коюлду. Быйыл диний-экстремисттик жана эл аралык террористтик уюмдардын идеологиясын жайылтууга шектүү катары 316 адам кармалды.