«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 900 миңге жакын жол эреже бузуулары катталды

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында ушул жылдын 4-мартынан бери 900 миңге жакын жол эреже бузуулары катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, жол эрежелерди бузуу боюнча айыптар төлөнүп, ал 572 жарым миллион сомду түздү. Учурда “Коопсуз шаар” камералары орнотулган жерлерде жол… Кененирээк…

Алматыда 100 киши түшкөн учак кулады

Алматыда 100 киши түшкөн учак кулады. Самолет аталган шаардан Нур-Султан калаасына карай учкан. Маалымат каражаттары 9 адам каза болгонун жазууда. Алматы аэропортунун маалыматы боюнча, учак жергиликтүү саат 7ден 5 мүнөт өткөндө учуп чыгып, бир аз убакыт өткөндөн кийин радардан көрүнбөй кеткен. «Bek Air компаниясына таандык… Кененирээк…

Бүгүн өлкөдө окуучулар 2-чейректи жыйынтыкташат

Бүгүн өлкөдө окуучулар 2-чейректи жыйынтыкташат. Дүйшөмбүдөн тарта жалпы билим берүү мекемелеринде кышкы каникул старт алат. Ал 12 күнгө созулмакчы. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, окуучулар шарттуу түрдө 10 январга чейин эс алышат. Бирок 11 жана 12-январь ишемби жана жекшембиге туш келгендиктен, үчүнчү чейрек 13-январда башталат.

Ордо калаадагы 76 аты жок көчөлөргө ысым ыйгарылат

Ордо калаадагы 76 аты жок көчөлөргө ысым ыйгарылат. Ошондой эле Чыңгыз Айтматов проспектисинен эски аэропортко чейинки тилкеге “Кыргызстандын авиациялык даңк аллеясы” деп аталышы сунушталууда. Ал эми Бишкек шаардык кеңеш токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документти кабыл алгандан кийин 503 аншлаг орнотулат. Бул максатка 600 миң… Кененирээк…

Бишкекте Өрт сыноо лабораториясы ачылды

Бишкекте Өрт сыноо лабораториясы ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда. лабораторияда заттардын жана материалдардын күйүүчүлүк тобу аныкталып жана алардан чыккан уулуу заттардын көрсөткүчү билинет. Ошондой эле тилсиз жоого себепкер заттардын классификациясы аныкталат. Өрт сыноо лабораториясын түзүү үчүн мамлекеттик бюджеттен… Кененирээк…

“Торугарт” жана “Эркеч – Там” пункттары жабылат

“Торугарт” жана “Эркеч – Там” пункттары жабылат. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты. Маалыматка караганда, кыргыз – кытай чегиндеги бекеттерге 1-январда чектөө киргизилет. Кайра 2-январдан тарта элди, транспорт каражаттарын өткөрүү жанданат, — дешти мекемеден. Эске салсак, 2020-жылдын биринчи айынан тарта кыргыз-казак чек арасында жайгашкан… Кененирээк…