“Жеткиликтүү турак-жай” программасынын катышуучулары жаңы батирлерге көчүп кире баштады

“Жеткиликтүү турак-жай” программасынын катышуучулары жаңы батирлерге көчүп кире баштады. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын маалыматына ылайык, ордо калаанын “Тунгуч” кичи районунда 9 кабаттуу үй колдонууга берилди.

 

Бюджеттик мекемелерде иштегендерге батир сатып алуу кыйынга тургандыктан, дарыгерлер, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер турак-жайды “кийин сатып алшуу шарты менен ижара” механизми менен алышты. Программанын артыкчылыгы – алгачкы төлөм берилбейт жана пайыздык чени болгону – жылдык 6 пайызды түзөт.