Сооронбай Жээнбеков Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаевге жана жалпы элине авиакырсыкка байланыштуу көңүл айтты

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын өлкө башчысы Касым-Жомарт Токаевге жана жалпы элине авиакырсыкка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

 

Эске салсак, Алматадан  Нур-Султанга бет алган  аба кемеси бүгүн эртең менен кыйрады. Ал курулуп жаткан имаратка кулады. Бортто 98 адам болгон. Алардын арасында бир кыргызстандык бар, ал ооруканада. Учурга карата 15 киши каза болгону айтылууда. 28-ноябрь Казакстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.