Бишкектеги Тарых музейи кийинки жылдын жазында ачылышы күтүлөт

Бишкектеги Тарых музейи кийинки жылдын жазында ачылышы күтүлөт. Маданият министри Азамат Жаманкуловдун айтымында, мамлекеттин немис компаниясынын алдында карызы бар.   Сумма 25 миң еврону түзөт. Ведомство бардык суроолорду жыл башында чечүү ниетинде. Эске салсак, музей 2016-жылы калыбына келтирилип баштаган. Андан бери анын ачылышы бир канча… Кененирээк…

Январда пособиелерди берүү кечеңдетилбейт

Январда пособиелерди берүү кечеңдетилбейт. Буга бипзди Социалдык өнүгүү министрлигинен ишендиришүүдө. Ведомстводон белгилешкендей, жарандарга бериле турган каражат эсептелип, бюджетте каралды.   Эске салсак, өткөн жылдын январь айында ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери пособиелер кечиктирилип жатканына арызданышкан. Техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам, көбү акчаны февралда гана алышкан болчу.

Алматада кыйраган учакта 1 кыргызстандык болгон

Алматада кыйраган учакта 1 кыргызстандык болгон. novosti.kgге Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, мекендеш тууралуу азырынча так маалымат түшө элек. Белгилүү болгондой, ал жараат алып, учурда ооруканада.   Кыргызстандын Генералдык консулдугунун кызматкерлери ага жөнөп кетти. Эске салсак, Алматадан Нур-Султанга бет алган  аба кемеси бүгүн эртең менен кыйрады.… Кененирээк…

Кыргызстан курамасынын футболчулары протест катары Бишкекте оюн өткөрбөсүн билдиришти

  Мэрия футбол борборунун курулушуна жер тилке бөлүп бербесе, протест катары Кыргызстан курамасы Бишкекте ойнобойт. Бул тууралуу Футбол федерациясынын вице-президенти Дастанбек Конокбаев билдирди. Белгилеп кетсек, ордо калаада спорт комплексине жер бөлүштүрүү боюнча 2 күндөн бери талаш-тартыш болуп жатат. Ал эми долбоорду ишке ашырууга ФИФА каражат… Кененирээк…

Бишкектеги өзгөрмө аба-ырайы чатырлардагы муздардын түшүүсүнө алып келүүдө

Бишкектеги өзгөрмө аба-ырайы чатырлардагы муздардын түшүүсүнө алып келүүдө. Мындай кырдаал олуттуу жаракаттарга себеп боло турганын өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертет.  Куткаруучулар жолдо жүрүүдө этият болууга чакырат. Жарандарга дубалдарга жакын баспоо сунушталат. Ал эми өзгөчө көңүл балдардын коопсуздугуна бөлүнүшү керек.

“Түндүк электр» ишканасы кыргызстандыктарды электрэнергия акысын эртерээк төлөөгө чакырды

“Түндүк электр» ишканасы кыргызстандыктарды электрэнергия акысын эртерээк төлөөгө чакырды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады. Билдирмеге ылайык, электр энергиясынын төлөмдөрүн өз убагында жүргүзбөгөн абоненттердин жарыгы дароо автоматташтырылган көзөмөл системасы аркылуу дистанттык түрдө өчүрүлөт. Белгилеп кетсек, учурда төлөмдөрдү кабыл алуу терминал жана электрондук капчык аркылуу… Кененирээк…

Тышкы иштер министрлиги Алматыда кулаган самолетто кыргызстандыктар бар-жогун тактап жатат

Тышкы иштер министрлиги Алматыда кулаган самолетто кыргызстандыктар бар-жогун тактап жатат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы novosti.kg ге билдирди. Учурда башкы консулдуктун кызматкерлери кырдаалды көзөмөлдөп жатышат. Эске салсак, Бек-Эйр авиакомпаниясынын лайнери бүгүн эртең менен кулады. Учак Алма-Ата аэропортунан учуп чыгып, 2 кабаттуу курулушту сүзүп, бийиктикти жоготту.… Кененирээк…

Телефонду кантип туура заряддоо керек?

Смартфонун түнү бою заряд алууга коюп койгон же 100 пайыз толсо дагы токтон алып койбогон колдонуучулар аккумулятордун өмүрүн кыскартат. Телефондун заряды көпкө жетип, аппараттын өзүнө зыян келбеши үчүн аны эртең менен заряддаган туура. Күн жарымында телефондо 50 пайыз энергия калат. Дал ушунча пайыз запасы калганда… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун аймагына 19 пост коюлду

Ысык-Көл облусунун аймагына 19 пост коюлду. Буул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, күзөтчүлөр бүгүндөн тарта 10-январга чейин күчөтүлгөн тартипте иштешет. Ар бир постто экиден кызматкер нөөмөттө турушат. Башкармалыктан белгилешкендей, учурда майрамга карата “Рулду башкаруу” аттуу рейд жүрүүдө.

Ак-Ордо конушунда 300 көчөт туя отургузулду

Ак-Ордо конушунда 300 көчөт туя отургузулду. Бул тууралууу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти. Ал көчөттөрдү «Бишкек жашылдандыруу» ишканасынын кызматкерлери Ак-Ордодогу Гагарин менен Тагай Бий көчөлөрүнүн кесилишинде отургузушту. Жазында ал жерге дагы бак отургузуу пландалып жатат. Учурда көчөттөр жылууланып, камкордук менен каралууда, — дешти муниципалитеттен.