Австралия токойлорундагы өрттөн бир миллиарддан ашык жаныбар кырылды

Австралия токойлорундагы өрттөн бир миллиарддан ашык жаныбар кырылды. Бул тууралуу Сидней университетинин маалымат кызматына шилтеме берип РИА Новости билдирет.

 

Окумуштуулар жаныбарлардын саны андан дагы көп болушу мүмкүн экенин айтышууда. Эске салсак, Жаңы Түштүк Уэльс штатында                      2019-жылдын сентябрь айында тутанган өрт 5 миллион гектардан ашык жерди жалмап, калк жашаган миңдеген турак-жай күйдү. Күндүн ысыгы жана шамал өрттү ого бетер күчөтүүдө.