Быйылкы Олимпиада оюндарына беш кыргызстандыктын жолдомосу бар

Быйылкы Олимпиада оюндарына беш кыргызстандыктын жолдомосу бар. Алар — балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азизбеков, суучул Денис Петрашов жана жеңил атлеттер Юлия Андреева менен Дарья Маслова. Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей,

 

Токиодо өтө турган жайкы Олимпиадага жалпысынан 20га жакын спортчунун лицензия алууга мүмкүнчүлүгү бар. Оюндар 24-июлда старт алып, аларга 205 мамлекеттен 12 миңде ашуун спортчу катышат.