Кыргыз паспорту күчү боюнча дүйнөлүк рейтингде 80-орунда турат. Эл аралык колсалтинг компаниясы жыл сайын чыгарчу индексте биздин өлкө бир жыл мурунку позициясынан төрт тепкич артка кетти.
Кыргызстандыктар 63 мамлекетке визасыз бара алат. Рейтингде Казакстан 67-орунду ээлеп, Борбор Азия мамлекеттеринин сап башында. Биринчи орунда Япония турат. Бул мамлекеттин жарандары 191 мамлекетке түз бара алат. Сингапур экинчи, Германия менен Түштүк Корея үчүнчү тепкичте.