Кыргызстанда чет өлкөлүк жана башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктар үчүн жеңилдетилген визалар бериле баштайт

Кыргызстанда чет өлкөлүк жана башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргызстандыктар үчүн жеңилдетилген визалар бериле баштайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлайт.

 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев виза берүүнүн жаңы нускамасына кол койду.  15-январдан тартып күчүнө кирчү документке ылайык, кыргыз улутундагыларга “Туугандык виза”, “Мекен виза” жана “Мейман виза” деген жаңы визалар бериле баштайт.

 

Өкмөт мындай жол менен Кыргызстанга келе турган туристтерди көбөйтүүнү максат кылууда.