Дүйнөдө жашоо шарты мыкты болгон 5 шаар аталды

Дүйнөдө жашоо шарты мыкты болгон 5 шаар аталды. Адам ресурстары боюнча иш алып барган “Mercer” эл аралык консалтинг компаниясы түзгөн рейтингдин сап башында Цюрих турат.

 

Анда эмгек акы, саламаттыкты сактоонун сапаты, саясий туруктуулук жана билим берүүнүн сапаты эң мыкты деп бааланат. Экинчи орунда Мюнхен турса, үчилтикти Австриянын Вена шаары бекитет.

 

Андан кийинки орундарда Ванкувер жана Копенгаген жайгашты. Аталган калаалар жашоого ыңгайлуу болгон бардык шарттар менен камсыздалган.