Кыргызстан Кытайдан келген өсүмдүктөр импортун 1-февралга чейин токтотту.
Бул тууралуу Өсүмдүктөр карантини департаментинин директору Илич Марсбек уулу билдирет.
Анын айтымында, башкы себеп тараган вируска байланыштуу.
Учурда биздин айыл-чарба продукцияга анализ жүрүүдө.
Анын жыйынтыгына жараша чечим кабыл алынат.
Эгерде чектөөлөр ата-мекендик рынокко терс таасирин тийгизсе,
тиешелүү ведомство өлкөгө импорттолуучу продукцияларга альтернатив издейт.