Бишкектин четиндеги аскердик госпиталда бейтаптарды текшерүү үчүн
100 орун даярдалды. Бул коронавируска каршы иш-аракеттердин алкагында
шектүүлөрдү текшерүү үчүн деди, — Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык
көзөмөл борборунун башкы дарыгери Рыспек Сыдыгалиев. Эгер госпиталь
пайдаланыла турган болсо медициналык жардамга муктаж аскерлер республикалык
ооруканаларга жөнөтүлөт. Мындан тышкары, чек араларда — Токмокто, Кантта, Сокулукта,
Кара-Балтада, Кеминде орундар камдалып жатат. Саламаттыкты сактоо министрлиги
Кытайдан 6 кыргызстандык студент мекенине кайтканын кабарлады.
Алар 14 күн атайын изолятордо болот.