Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Бейшеналиева, Айни, Москва көчөлөрүндө, Ак-Тилек, Рухий-Мурас, Эне-Сай конуштарында, Чыгыш-5 кичи районунда жана Пригородное, Маевка, Военно-Антоновка, Шопоков айылдарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Сооронбай Жээнбеков чек арадагы көзөмөл-өткөрүү түйүндөрүн модернизациялоо боюнча документке кол койду

Сооронбай Жээнбеков чек арадагы көзөмөл-өткөрүү түйүндөрүн модернизациялоо боюнча документке кол койду. Кеп Кыргызстан тарабынан Евразия экономикалык биримдиги боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө болуп жатат.   Ага ылайык, Кыргызстандын өткөрүү түйүндөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы талаптарына шайкеш келтирүү мөөнөтү 2021-жылдын 12-августуна… Кененирээк…