Кытайдын Ухань шаарында курулуп жаткан бейтапкана 2-февралда пайдаланууга берилет.
Шарттуу түрдө салынып жаткан медициналык мекеме вирусту жугузуп алган
бейтаптарга карата курулууда. Анын жалпы аянты 25 миң чарчы метрди түзүп,
ага бир эле учурда 1 миң бейтап жаткырылат. Ал эми учурда Кытайда
4,5 миң адам илдетти жуктуруп алганы маалым. Оорукананын модели
Пекиндеги «Сяотаншань» бейтапканасына окшош. Ал 2003-жылы апрель айында
SARS же “атиптүү пневмония” эпидемиясы күч алган кезде 7 күндө курулган.