Ош шаарында Бирдиктүү депозиттик эсептен курулуп жаткан мектеп жыл аягында бүтөт

Ош шаарында Бирдиктүү депозиттик эсептен курулуп жаткан мектеп

жыл аягында бүтөт. Учурда билим берүү мекемесинин курулуш иштери

план боюнча жүрүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз

кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, Нариманов атындагы мектепке

кошумча салынып жаткан имараттын курулушу өткөн жылдын декабрында башталган.

Ал 500 окуучуга ылайыкташтырылган. Мектептин курулушуна тендер жарыяланып,

54 миллион сомдон ашык каражат сарпталып жатат.

Белгилеп кетсек, депозиттик эсептен 15 мектеп курууга каражат бөлүнгөн.