Бишкектеги №1 абак Чүй облусунун Ысык-Ата районуна көчүрүлөт.
Тагыраагы Нооруз айылындагы №50 абактын аймагында болот.
Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары
Аскат Эгембердиев билдирди. Анын айтымында, №1 убактылуу кармоочу жай
80 жыл мурда, шаардын инфраструктурасы өнүгө электе курулган.
Азыр шаарда ички миграцияга байланыштуу адамдардын саны өстү.
Мындан улам, мекемени көчүрүү жарандардын коопсуздугуна шартталды, — деди Эгембердиев.
Ошондой эле Бишкекте жайгашкан №47 абак Чүй облусунун
Аламүдүн районундагы №31 абактын аймагына көчүрүлөт.