Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда
Бишкек-Ош жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кар массалары Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана Чычкан капчыгайында түшүшү мүмкүн. Андыктан, аталган багытта сапарга чыгууну пландап жаткан айдоочулар этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоосу кажет.