Үрүмчүдөн келген кыргызстандык студенттер Ысык-Ата аймактык ооруканасына жайгаштырылды

Үрүмчүдөн келген кыргызстандык студенттер Ысык-Ата аймактык ооруканасына жайгаштырылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, мекендештердин абалы канааттандыраарлык, коронавирустун белгилери жок.

 

Болгону алар вирус чыккан жерден келгени үчүн, толук медициналык кароодон өтүүгө тийиш. Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери    6 студенттен турган топту кечээ чек арадан тосуп алышты. Кытай менен байланыш убактылуу токтотулгандыктан, алар Казакстан аркылуу унаа менен келишти.