Бишкектин Ак-Босого конушунда бала бакчанын курулушу уланууда.
Мэриядан билдиришкендей, имарат 140 орунга чакталат. Анда оюн бөлмөлөрү, сактоочу жай, уктоочу бөлмө, медициналык кабинет, музыка жана гимнастика залдары каралган.
Учурга карата объекттин темир-бетонндук каркасы тургузулуп, чатыр салынууда.