Кыргызстанга Кытайдан эки күндө 42 адам келип, анын тогузу ооруканага жаткырылды

Кыргызстанга Кытайдан эки күндө 42 адам келип, анын тогузу ооруканага жаткырылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, студенттердин алтоосу Москва райондук ооруканада жатса, үчөө Сокулук районунун аймактык ооруканасында.   Аларда оорунун белгилери байкалган жок, бирок өздөрү дарыгердин көзөмөлүндө болууну туура көрүштү. Абалдары канааттандырарлык. Алар вирус жапырт… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Исанов, Токтогул, Москва, Гагарин, Ахунбаев, Байтик Баатыр, Орозбеков көчөлөрүндө, Арча-Бешик, Рухий-Мурас конуштарында, Тунгуч кичи районунда жана Төмөнкү Ала-Арча, Восток, Гроздь, Аламүдүн айылдарында  жок болот.  … Кененирээк…

Бишкектин коомдук транспорту дезинфекцияланат

Бишкектин коомдук транспорту дезинфекцияланат. Мэриянын маалыматына ылайык, бул сасык тумоо жана курч респиратордук вирустарды алдын алуу максатында жасалууда.   Курамында хлор бар атайын микробдорго каршы каражат менен автобус, троллейбус жана маршруттук таксилердин кармагычтары, айдоочунун рулу, эшик жана башкалар күн сайын тазаланып турат.

Кыргызстан медициналык беткаптардын тышка чыгарылышына тыюу салат

Кыргызстан медициналык беткаптардын тышка чыгарылышына тыюу салат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова коронавирус өлкөгө жайылып кетишин алдын алуу боюнча жыйын өткөрүп, алып-сатарларга карата чара көрүүгө тапшырма берди. Беткаптардын баасы жогорулабашы керек, — деди чиновник.   Дарыканаларда медициналык беткаптар, вируска каршы… Кененирээк…