Кыргызстан медициналык беткаптардын тышка чыгарылышына тыюу салат

Кыргызстан медициналык беткаптардын тышка чыгарылышына тыюу салат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова коронавирус өлкөгө жайылып кетишин алдын алуу боюнча жыйын өткөрүп, алып-сатарларга карата чара көрүүгө тапшырма берди. Беткаптардын баасы жогорулабашы керек, — деди чиновник.

 

Дарыканаларда медициналык беткаптар, вируска каршы препараттар жана дезинфекциялык каражаттар жетиштүү. Саламаттыкты сактоо министрлиги жакынкы убакта коргоочу каражаттарды Түркия, Корея жана Индиядан импорт кылууну пландап жатат.