Кыргыз-казак чек арасында “Ак-Жол” өткөрүү түйүнү азырынча жабыла элек

Кыргыз-казак чек арасында “Ак-Жол” өткөрүү түйүнү азырынча жабыла элек. novosti.kgге Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, учурда  ремонттук иштерге даярдыктар жүрүүдө. Казакстан менен бир күндө эки тараптуу жабуу боюнча сүйлөшүүлөр өтүп жатат.   Эске салсак, өткөрүү түйүнү калыбына келтирүү иштерине январдын башында жабылат деп пландалган. Коңшу… Кененирээк…

Жакында эле Инстаграммдагы катталуучулардын саны боюнча рекорд койгон Роналдунун 50 миллион катталуучусу фейк болуп чыкты

  Жакында эле Инстаграммдагы катталуучулардын саны боюнча рекорд койгон Роналдунун 50 миллион катталуучусу фейк болуп чыкты. Британиялык “The Sun” басылмасынын маалыматында, футболчунун аккаунту HypeAuditor платформасы аркылуу текшерилген.   Ал  25,1 пайыз катталуучулар фейк экенин тастыктады.  Андан улам, басылма Роналду жасалма жол менен катталуучунун санын көбөйткөн деген… Кененирээк…

Бишкектиктердин көбү курулуш иштерине арызданышат

Бишкектиктердин көбү курулуш иштерине арызданышат. Биздин радиого ордо калаа мэриясынан билдиришкендей, өткөн жылы шаар тургундарынан бул суроо боюнча 704 даттануу келип түшкөн.   Экинчи орунда турак-жай коммуналдык кызматынын ишине карата нааразылыктар турат – 614 арыз, ошондой эле бишкектиктер  коомдук транспортуна көп  арызданышкан -370 даттануу келип… Кененирээк…

Жарандардын даттанууларынан улам, өткөн жылы 58 салыкчы жазаланды

Жарандардын даттанууларынан улам, өткөн жылы 58 салыкчы жазаланды. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, былтыр салык төлөөчүлөрдөн 179 кайрылуу жана даттануу келип түшкөн.   Алардын 119у салык органдарынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери тууралуу болгон. Ал эми ишкерлердин салык мыйзамдарынын ченемдерин сактабагандыгы боюнча  29 маалымат түшкөн. Калганы ар… Кененирээк…

Бишкек-Ош трассасында кар көчкүнү атайлап түшүрүү уланууда

Бишкек-Ош трассасында кар көчкүнү атайлап түшүрүү уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, учурда иштер жолдун 132-137- жана 198-255-чакырымдарында жүргүзүлүп жатат.   Кар массаларын түшүрүү маалында жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилүүдө. Белгилеп кетсек, иш-чара тоолуу трассаларда коопсуздукту камсыздоо максатында аткарылат.

Кыргызстанда билимди электрондук баалоо системасын киргизүү пландалууда

Кыргызстанда билимди электрондук баалоо системасын киргизүү пландалууда. Бул тууралуу novosti.kgге  Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Долбоордун алкагында окуучуларга атайын программа орнотулган кулакчындар менен планшеттер таратылат.   Ал бала текстти окуп жатканда кандай катачылыгы бар экенин автоматтык түрдө аныктайт. Бул мугалимдерге ар бир окуучу менен… Кененирээк…

Дүйнөнүн эң бай адамы Джефф Безос 15 мүнөттө эле 13 миллиард долларга байыды

Дүйнөнүн эң бай адамы Джефф Безос 15 мүнөттө эле 13 миллиард долларга байыды. Бул Amazon компаниясы кварталдык отчетун жарыялагандан кийин болду. Ага ылайык, киреше аналитиктер болжолдогондон дагы көп болду.   Отчет жарыялангандан кийин Amazon компаниясынын акцияларынын баасы дагы    12 пайызга кымбаттады. Муну менен, учурда… Кененирээк…

Кыргызстандыктарды Кытайдан алып келүү каралууда

Кыргызстандыктарды Кытайдан алып келүү каралууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Ведомство Кытайда жүргөн кыргызстандыктардан дайын-дарегин жана телефон номурларын билдирип коюуну өтүнөт.   Кытайдагы коронавирус коркунучу жөнгө салмайынча ал жакка барбай туруу сунушталат.  Ошондой эле эл көп жерге барбаганга, жергиликтүү бийликтин жана медицина кызматкерлеринин айткан… Кененирээк…

Apple рекорддук кирешеси тууралуу жар салды

Apple рекорддук кирешеси тууралуу жар салды. Жыл башынан бери компаниянын кирешеси 9 пайызга өсүп, дээрлик 92 миллиард долларга жетти. Бул компаниянын тарыхындагы эң чоң көрсөткүч болуп эсептелет.   Apple дин жетекчиси Тим Куктун айтымында, бул iPhone 11 смартфондоруна жана башка аксессуарларга суроо-талап чоң болгонуна байланыштуу… Кененирээк…

Бишкектин коомдук транспорту накталайсыз төлөм системасына толугу менен ушул жазда өтөт

Бишкектин коомдук транспорту накталайсыз төлөм системасына толугу менен ушул жазда өтөт. Бул тууралуу novosti.kgге “Электрондук билеттештирүү” долбоорунун координатору Арсен Кондахчан билдирди.   Учурга карата системаны ишке киргизүү боюнча иштер жүрүүдө. Азырынча автобус, троллейбустарда жол кире накталай түрдө алынып жатат. Эске салсак, “Электрондук билеттештирүү” долбоорун Бишкекте… Кененирээк…