Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.
“Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Исанов, Токтогул, Москва, Гагарин, Ахунбаев, Байтик Баатыр, Орозбеков көчөлөрүндө, Арча-Бешик, Рухий-Мурас конуштарында, Тунгуч кичи районунда жана Төмөнкү Ала-Арча, Восток, Гроздь, Аламүдүн айылдарында жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.