20 миңден ашык калкы бар айылдардын жергиликтүү кеңеш төрагалары бекитилген айлык алышат. Тиешелүү токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Кеп, 5 миң сомго барабар базалык ставка тууралуу болуп жатат.
Буга тажрыйба, иштеген жылдар, класстык даража жана бийик тоолуу регион үчүн акча кошулат. Төрагаларга маяна ушул жылдын 1-июлунан тарта бериле баштайт.