Бишкек жана Чүйдүн май куюу станцияларында бензин жана дизелдик отунду кем куюшат

Бишкек жана Чүйдүн май куюу станцияларында бензин жана дизелдик отунду кем куюшат. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын өкүлү Рамиз Алиев жарыялады.   Анын айтымында, Каржы полициясы 12 станцияда сатып алуу жүргүзүп, бардык учурда тең май кем куюлуп жатканын аныкташты.  Бул фактылар боюнча… Кененирээк…

АКШнын Сенаты Дональд Трампты президенттик кызматтан кетирүүгө каршы добуш берди

  . Ал «Кызматынан кыянат пайдалануу» жана «Конгресстин иликтөөсүнө тоскоолдук кылуу» беренелери боюнча акталып, андан бардык айыптоолор алынды. Беренелер боюнча 47си «күнөөлүү», 53ү «күнөөсүз» деп добуш берди. Трампты кызматтан кетирүү үчүн 100 сенатордун 67синин колдоосун алышы керек болчу. Президенттин отставкасын колдоп Республика партиясынын бир гана… Кененирээк…

Балыкчы шаарындагы Тыныстанов көчөсү 44 миллион сомго оңдолууда

Балыкчы шаарындагы Тыныстанов көчөсү 44 миллион сомго оңдолууда. Шаардын биринчи вице-мэри Алишер Табалдиевдин айтымында, аба-ырайы сууктап кеткендигине байланыштуу жумуштар убактылуу токтотулуп, бүгүнкү күндө 5 пайызга жетпеген курулушу калды. Күн жылыса иштер соңуна чыгат. Ошондой эле  Океев көчөсүнө асфальт төшөө планда бар. Ал ушул жылы оңдоп… Кененирээк…

Бишкекте вакансиялардын жарманкеси өтөт

Бишкекте вакансиялардын жарманкеси өтөт. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматында, ал эртең саат түшкү 1де Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтөт. Кайрылгандар вакансияларды караштырып, жумуш берүүчүлөр менен пикир алыша алат. Ошондой эле резюме жазганды жана ишке кирүүдө маектешүүдөн өткөндү үйрөнүшөт.

Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы Сауд Аравиянын командасы менен тең чыкты

Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы экинчи жолдоштук беттеште Сауд Аравиянын командасы менен тең чыкты. Бул тууралуу Футбол федерациядан билдиришти. Оюн 4:4 эсебинде аяктады. Улуттук кураманын оюнчулары Шохрух Махмадаминов, Манас Абдрасул уулу жана Нурсултан Абдылдаев атаандаштарынын дарбазасын бош калтырган жок. Буга чейинки оюнда Кыргызстан Сауд Аравияны 5:3… Кененирээк…

Түркияда кулаган учактан жабыркагандардын арасында 2 кыргызстандык жаран бар

Түркияда кулаган учактан жабыркагандардын арасында 2 кыргызстандык жаран бар. Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунун кызматкерлери мекендештерди барып, көрүп келишти. Дарыгердин айтымында, алардын абалы туруктуу. Эске салсак, кечээ Сабиха Гөкчен эл аралык аэропортуна Измир-Стамбул каттамынан конуп жатканда учак үчкө бөлүнүп кетти. Анда 177… Кененирээк…

Россиянын футбол курама командасы дүйнөлүк чемпионатка катышпай калышы ыктымал.

Футбол боюнча Россиянын курама командасы 2022-жылы Катарда боло турган дүйнөлүк чемпионатка катышпай калышы ыктымал. «Championat.com» басылмасы билдиргендей, Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин аткаруучу комитети тешелүү чечимди кабыл алган. Анда Россиянын спортчуларына Олимпиада оюндарына, дүйнөлүк чемпионатка, эл аралык мелдештерге катышууга 4 жылга тыюу киргизилген. Бирок бул чаралар футболго… Кененирээк…

Коңшу өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанда иштөө үчүн патент сатып алышы керек болот

Коңшу өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанда иштөө үчүн патент сатып алышы керек болот. Бул боюнча мыйзам долбоор Жогорку Кеңеште сунушталууда. Документке ылайык, коңшу өлкөлөрдүн жарандары өлкө аймагында 60 күн визасыз жүрө алышат. Айрыкча чек арадагы райондорго коңшу Тажикстан жана Өзбекстандын жарандары келип сезон учурунда иштеп кетишет. Бул чек… Кененирээк…

Салык төлөөдөн качкан байланыш компанияларынын схемалары аныкталды

Салык төлөөдөн качкан байланыш компанияларынын схемалары аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы билдирет. Мекеменин маалыматында, калкка байланыш кызматын көрсөткөн ишканага кылмыш иши козголуп, мамлекетке 26,5 миллион сом зыян келтиргени аныкталды. Аталган акча кайтарылып, жемкорлуктан түшкөн атайын депозиттик эсепке которулду.

Эркин Асрандиев менен Замирбек Аскаров жаңы кызматтарга дайындалды

Эркин Асрандиев менен Замирбек Аскаров жаңы кызматтарга дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Буга чейин Россия-кыргыз өнүктүрүү фондун жетектеп келген Асрандиев өкмөттүн экономика тармагын тескеген вице-премьер кызматына киришти. Аталган кызматты аркалаган  Аскаров өзгөчө кырдаалдар министри болду. Эске салсак, экөөнүн талапкерлигин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев… Кененирээк…