Жакынкы күндөрү ордо калаага 500 автобус сатып алууга тендер жарыяланат

Жакынкы күндөрү ордо калаага 500 автобус сатып алууга тендер жарыяланат. Бул тууралуу “Бишкек жүргүнчү автотранспорт” ишканасынын башчысы Нурлан Койчубаков билдирди.

 

Ушул жылы 14-январда Бишкектин депутаттарынын сессиясы өттү. Ошол сессияда бизге депутаттар уруксаат берди. Мэрия тараптан иш-чаралар көрүлдү. Лизинг аркылуу биздин шаарга 500 автобус алынып келинет. Бүгүнкү күндө документтердин бардыгы даярдалды. Ушул февраль айында биз тендерди жарыялайбыз

 

Белгилеп кетсек, сынактын шарттарына ылайык, автобустар газ же электр энергиясы менен жүргөн болушу керек.