Кыргызстандын бүт аймагы 4 жылда таза суу менен камсыздалат

Кыргызстандын бүт аймагы 4 жылда таза суу менен камсыздалат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Ысык-Ата районунун жашоочулары менен жолугушуу учурунда жарыялады. Өлкө башчынын айтымында,  акыркы жылдары 107 айылга таза суу өткөрүлдү.

 

Андан тышкары, эл аралык каржылык институттардын колдоосу менен 588 айылдын тизмеси түзүлдү. 2024-жылга чейин 715 айылда таза суу чыгарылып, инфраструктура жаңыртылат, — деди Жээнбеков. Бул максатта каражат республикалык бюджеттен жана эл аралык донорлордун каржылоосу менен бөлүнөт.