Бишкектин №12 бала бакчасында кошумча корпус пайда болот. Капиталдык курулуш башкармалыгынын маалыматына ылайык, имараттын курулушуна тендер жарыяланды. Сейсмикалык талаптарды эске алып, корпус бир кабаттан гана турат.
Анда ар бири 50 баладан турган 2 тайпа жайгаштырылып, оюн бөлмөлөрү жана музыка, бий ийримдери үчүн атайын жайлар болот. Курулуш иштери 24 миллион сомго бааланат.