Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоого Азия өнүктүрүү банкынан 100 миллион доллар алуу пландалууда

Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоого Азия өнүктүрүү банкынан 100 миллион доллар алуу пландалууда. Буга чейин каржы министри Бактыгүл Жээнбаева менен банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Кэндис Мак Дэйган насыя келишимине кол койгон.

 

Аталган макулдашуу ратификациялоого парламенттин кароосуна жөнөтүлдү. Каражаттын 60 миллион доллары насыя болсо, 40 миллиону грант. Кредит 8 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен 32 жылга берилет. Пайыздык өлчөмү алгач 1 пайыз, андан кийин 1,5 пайыз болмокчу.