Кыргызстанда коронавируска байланыштуу 154 адам карантинде

Кыргызстанда коронавируска байланыштуу 154 адам карантинде. Дагы 260 киши жашаган жери боюнча медициналык кароого жөнөтүлдү, — деп билдиришти өкмөттүн басма-сөз кызматынан. Өлкөдө коронавирустун тастыкталган учуру катталган жок.

 

Эпидемиологиялык абал туруктуу. Өкмөттөн белгилешкендей, Кытайдан келгендердин бардыгы тепловизордун жардамы менен текшерилип жатат. Кыргызстанда дартты ыкчам аныктоо үчүн каражаттар жетиштүү.