Акула бийи соцтармактарда көп көрүлүүдө

Акула бийи соцтармактарда көп көрүлүүдө. Австралиянын Мюррей аралынын жашоочусу жырткыч деңиз жандыктары жээкте бийлеп жаткан бийин интернетке жарыялады. Уильям Беронун айтымында, мындай көрүнүш пипи бийи деп аталат. Акулалар кумдун арасындагы моллюскалар менен тамактанууга маал-маалы менен жээкке сүзүп келишет. Сүйүктүү даамын табууда алар түрдүү кыймылда болуп,… Кененирээк…

Нарын облусунун аймагындагы айдоочуларга эскертүү

Нарын облусунун аймагындагы айдоочуларга эскертүү. Облустук жол көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришкендей, туруксуз аба ырайынан улам  Кубакы, Кызарт, Долон, Кызыл-Бел ашууларында жана Бишкек— Нарын—Торугарт трассасы тайгак болуп жатат. Учурда жол тейлөө кызматкерлер тилкелерге инерттүү материалдарды себишүүдө. Андыктан унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы кажет. Ошондой эле, кышка… Кененирээк…

Чүй облусунда карантинге жабылган 3 мектеп ишин жандандырды

Чүй облусунда карантинге жабылган 3 мектеп ишин жандандырды. Билим берүү министрлигинен novosti.kg ге билдиришкендей, аталган мектептер Панфилов районунда жайгашкан. Дагы 1 мектеп дүйшөмбүдөн тарта окуучуларды кабыл ала баштайт. Мектептер сасык тумоонун жайылышынын алдын алуу үчүн райондук санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин сунушу менен жабылган. Ал эми… Кененирээк…

Чек аранын ачылышы Кытай бийлигинен көз каранды

Чек аранын ачылышы Кытай бийлигинен көз каранды. Президенттик аппараттын стратегиялык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдиргендей, аны ачуу мөөнөтүн Кытай тарап эпидемиалогиялык абалга байланыштуу 15-февралга чейин жылдырып койгон. Азыр көпчүлүк тармактарда запастар бар. Андыктан экономикалык кесепет боюнча кандайдыр бир жыйынтык чыгарууга эрте. Мындан тышкары, эгер… Кененирээк…

Дарыгер, мугалим жана социалдык кызматкерлерге кол салууда жазалоо күчөтүлөт

Дарыгер, мугалим жана социалдык кызматкерлерге кол салууда жазалоо күчөтүлөт. Жогорку кеңеш депутаттары аталган көрүнүштөр кайталанып жатканына байланыштуу, кылмыштар жөнүндөгү Кодекске өзгөртүү киргизүүнү сунушташты. Муну менен күнөөлүү жактардын жоопкерчилиги артат. Жаңы мыйзамга ылайык, мамлекеттик кызматкерлерге зыян келтиргендер 13 миң сом айып төлөйт же 5 жылга эркинен… Кененирээк…

Суу менен жүргөн дүйнөдөгү алгачкы яхтаны Билл Гейтс сатып алды

Суу менен жүргөн дүйнөдөгү алгачкы яхтаны Билл Гейтс сатып алды.  Aqua яхтасы сыртынан башкаларга эле окшош, 14 конокко жаа экипаждын 30 мүчөсүнө чакталган. Анда бассейн, машыгуу залы, спа-борбор, ашкана жана вертолет үчүн аянт дагы бар.   Башкы өзгөчөлүгү – 28 тонна суюк суу кычкылтеги бата… Кененирээк…

Бишкекте суук аба-ырайы дагы бир жума кармалат

Бишкекте суук аба-ырайы дагы бир жума кармалат. Бүгүн 10 градуска чейин жылуу болот. Ал эми эртеңден тарта кескин суук болуп, жаан, кар жаайт. Температура мамычаларынын көрсөткүчү 2 градустан жогорулабайт.   Эс алуу күндөрүнө чейин аба табы күндүз +2…4 деңгээлинде кармалса, түнкүсүн 3 градуска чейин суук… Кененирээк…

Ушул жумада убактылуу айдоочу күбөлүктөрүн алмаштырууга берилген мөөнөт соңуна чыгат

Ушул жумада убактылуу айдоочу күбөлүктөрүн алмаштырууга берилген мөөнөт соңуна чыгат. Мамлекеттик каттоо кызматынан эске салышкандай, убактылуу кагаздарды туруктуу айдоочу күбөлүктөрүнө 15-февралга чейин алмаштыруу керек.   Жетишпей калгандар күбөлүгү жок катары айып төлөөгө аргасыз болот. “Унаа” мамлекеттик ишканасы кадимки режимде иштеп, документ алмаштырууга арыздарды кабыл алууда.

Бишкекти калың туман каптады

Бишкектеги калың туманга байланыштуу, айдоочуларга этият болуу сунушталат. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, трассаларды туман басып, көрүү кескин начарлады.   Андан улам, айдоочулар зарыл болбосо, алыс сапарга чыгуудан баш тартып, ылдамдыкты жогорултпай жүрүүсү кажет. Жөө жүрүүчүлөр болсо, жолду тиешелүү тилкелерден гана өтүшү керек.

“Манас” эл аралык аэропортунда каттамдар кадимки режимде аткарылып жатат

“Манас” эл аралык аэропортунда каттамдар кадимки режимде аткарылып жатат. Биздин радиого аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, аэропорттун аймагында калың туман жок. Көрүү деңгээли жакшы, андыктан аткарылбай калган каттамдар болбойт.   Бирок аба-ырайынын шарттарын эске алып, жүргүнчүлөргө аэропортко эртерээк чыгуу сунушталат.