Нарын облусунун аймагындагы айдоочуларга эскертүү

Нарын облусунун аймагындагы айдоочуларга эскертүү.

Облустук жол көзөмөлдөө башкармалыгынан билдиришкендей,

туруксуз аба ырайынан улам  Кубакы, Кызарт, Долон, Кызыл-Бел

ашууларында жана Бишкек— Нарын—Торугарт трассасы тайгак болуп жатат.

Учурда жол тейлөө кызматкерлер тилкелерге инерттүү материалдарды себишүүдө.

Андыктан унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралык сакталышы кажет.

Ошондой эле, кышка даярдыгы жок унаалардын сапарга чыгуусуна тыюу салынды.