“Манас” эл аралык аэропортунда каттамдар кадимки режимде аткарылып жатат

“Манас” эл аралык аэропортунда каттамдар кадимки режимде аткарылып жатат. Биздин радиого аба майдандын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, аэропорттун аймагында калың туман жок. Көрүү деңгээли жакшы, андыктан аткарылбай калган каттамдар болбойт.

 

Бирок аба-ырайынын шарттарын эске алып, жүргүнчүлөргө аэропортко эртерээк чыгуу сунушталат.