Бишкекте ушул жума жаан-чачындуу болот.
Синоптиктер билдиришкендей, бүгүн кечинде жана
түндө катуу жаан жаайт. Эртең жана шаршембиде асманды
ала-булут каптап турат. Күндүз жаан-чачынсыз, абанын табы
15,17 градуска чейин жогорулайт. Бейшембиде кайрадан эртеден
кечке нөшөрлөгөн жамгыр жаайт. Жумада жаан-чачын күтүлбөйт.
Ал эми эс алуу күндөрү температура мамычалары +15ке чейин жетип,
шаардыктарды ачык аба-ырайы кубандырат.