Кыргызстанда Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган “Кино-карнавал” башталды
Кыргызстанда Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган “Кино-карнавал” башталды. Долбоордун алкагында өлкөнүн бардык кинотеатрларында Улуу Ата мекендик согуш тууралуу тартылган тасмалар акысыз көрсөтүлөт. Анда Кыргызстандык жана советтик киностудиялардын 20дан ашык тасмалары көрүүчүлөргө тартууланат.