Япониядагы саякат кемесиндеги кыргызстандык жарандын абалы жакшы

Япониядагы саякат кемесиндеги кыргызстандык жарандын абалы жакшы.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, ал кемеден чыгарылып,

Япониядагы бейтапканада. Андан коронавирустун белгилери катталган жок.

Эске салсак, кыргызстандыктын каютадагы кошунасынан илдеттин белгилери табылган.

Алар чогуу лайнерде тейлөөчү кызматтарда иштеп келишкен. Мындан улам,

Кыргызстандык дагы вируска шектүүлөрдүн катарында болчу.