Баткен районунда суу ташкындарынан коргоо иштери жүрүп жатат

Баткен районунда үй жана социалдык объектилерди суу

ташкындарынан коргоо иштери жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар

министрлигинин маалыматында, куткаруучулар Самаркандек айылынын

Кулан тилкесиндеги каналды тазалашууда. Ошондой эле агымды туура

нукка буруу жүрүүдө. Бул иштер Жаңыбак, Ортосай айылдарын жана

мектеп, бала бакчаларды суу каптоодон сактайт.