Мүмкүнчүлүгү чектелгендерди дааратканага камагандарга карата атайын комиссия түзүлдү

Мүмкүнчүлүгү чектелгендерди дааратканага камагандарга

карата атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Эмгек жана

социалдык өнүктүрүү министрлигинин статс-катчысы Каныбек Адиев билдирди.

Анын айтымында, министр тарабынан буйрукка кол койгондон тарта

текшерүүлөр башталат. Эске салсак, буга чейин ММКларда Бишкектеги

карылар жана майыптар үчүн шаардык социалдык стационардык мекемесинде

тартипти бузган мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды дааратканага

бекитип жатканы тууралуу маалымат тараган.