Кыргызстанда Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына даярдык көрүлүп жатат.
Иш-чаранын планы бекитилди. Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей,
маданий-массалык жана театрлаштырылган көрсөтүүлөргө даярдыктар башталды.
Иш-чаралар республика боюнча өтөт. Бишкекте аскерий парад уюштурулса,
Ошто “Жеңиш оту” марафону жүргүзүлөт. Белгилеп кетсек,
өлкө боюнча учурда 262 ардагер жашап жатат.