Бишкектин айрым аймактарында таза суу жок болот

Бишкектин айрым аймактарында таза суу жок болот. Мэриядан билдиришкендей, эртең саат 9дан кечки 5ке чейин Ак-Бата, Ак-Жар, Келечек конуштарында суу өчүрүлөт. Мындан улам аймакка тиешелүү №43 орто мектеп бир күнгө ишин токтотот. Убактылуу чектөөлөр оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.

Спорттук күрөш боюнча юниорлор арасындагы Азия Чемпионаты Кыргызстанда өтөт

Спорттук күрөш боюнча юниорлор арасындагы Азия Чемпионаты Кыргызстанда өтөт. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматында, турнир 9унан 14-июлга Чолпон-Атада өтөт. Бирок бул дата дагы өзгөрүшү мүмкүн. Белгилеп кетсек, жеткинчектер арасындагы континенталдык мелдеш биздин өлкөдө биринчи ирет уюштурулуп жатат.

“Тунгуч” кичи районунда эс алуу багы пайда болот

“Тунгуч” кичи районунда эс алуу багы пайда болот. Ал унаа токтотмо жайдын ордуна курулат. Учурда долбоордун эскизи презентациядан өттү. Анда сейилдөө аянттары тротуарлар, отургучтар жана бактарды отургузууга аймак каралды. Алдын ала маалымат боюнча сквер ушул жылы пайдаланууга берилип калат.

Токиодо Жайкы Олимпиада оюндары өз убагында өтөт

Токиодо Жайкы Олимпиада оюндары өз убагында 24-июлдан 9-августка чейин өтөт. Келишим боюнча Токио чоң деңгелдеги спорттук иш-чараны жылдын соңуна чейин жылдырууга укугу бар. Бирок оюнду өткөрбөй коюу чечимин Эл аралык Олимпиада комитети гана кабыл алат. Комитет учурда спортчуларды мелдешке даярданууга үндөдү. Ал эми Япон бийлиги… Кененирээк…

Сабактарга акча менен баа коюну талап кылган мугалим иштен алынды

  Сабактарга акча менен баа коюну талап кылган Бишкек медициналык колледжинин кызматкери иштен алынды. Билим берүү мекемесинин директору Чолпон Усубалиева Vesti.kgге билдиргендей, соцтармактарга жарыяланган видео ушул окуу жылынын 1-семестринде тартылган. Мугалим иштен кетүү боюнча өз каалоосу менен арыз жазды. Ал колледжде 40 жылдан ашык эмгектенип… Кененирээк…

Жалал-Абадда 7 адам каза тапкан жол кырсыгы катталды

Жалал-Абадда 7 адам каза тапкан жол кырсыгы катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, бүгүн түндө Бишкек-Ош унаа жолунун 493-чакырымында 2 унаа кагышты. Кырсыктан 6 адам жабыркады. Медициналык жардамга муктаж жарандар Шамалды-Сай шаарчасындагы бейтапканага жеткирилди. Учурда каза тапкандардын өздүгү такталууда.

8-март майрамында айымдарга кандай белектер берилет?

8-март майрамында айымдарга кандай белектер берилет? Кыргызстандык аялдар арасында башкы сапта зер буюмдар, косметика жана атырлар популярдуу. Азыраак бөлүгү тиричилик техника, кийим-кечек жана ашкана буюмдарын алгысы келет. Ошондой эле ушул күнгө карата гаджет, китеп жана сулуулук салондоруна сертификат көп сатылат. Ал эми азыраак ыйгарылган белектердин… Кененирээк…

Кыргызстандын 6 мектебинде кесипке багыт берүүчү сабактар өтүлө баштады

Кыргызстандын 6 мектебинде кесипке багыт берүүчү сабактар өтүлө баштады. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, жумушчу долбоорго Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Өзгөн шаарларындагы 8 мектеп кошулду. Предметтер жогорку класстардын окуучуларына тиешелүү. Бүтүрүүчүлөргө иш менен камсыз кылуу кызматтары жана иш берүүчүлөр жардам беришет. Белгилеп кетсек, аталган долбоор… Кененирээк…

Бишкекте коомдук унаалар дезинфекциядан өтөт

Бишкекте коомдук унаалар дезинфекциядан өтөт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, тазалоо иштерин жүргүзүүгө керектүү каражаттын бардыгы бар. Маршруттук каттамдарга күн сайын 1,5 миңден ашык айдоочу чыгат. Алардын ар бирин жолго чыгаарда дарыгерлер саламаттыгын, медициналык дары кутучасы бар же жоктугун жана унаанын техникалык абалын текшерип турушмакчы. Ведомстводон… Кененирээк…

Бишкек медициналык колледжинин окутуучусу студенттерден акча талап кылды

Бишкек медициналык колледжинин окутуучусу студенттерден акча талап кылды. Vesti.kg басылмасынын маалыматында, аталган видео соцтармактарга тарады. Анда мугалим ар бир сабакка баа кою үчүн 100 сомдон, жалпысынан 400 сом берүү керектигин билдирди. Эгерде шартка макул болушпаса экзамен тапшыруу керектигин кошумчалаган. Ал эми бул иш боюнча Саламаттыкты… Кененирээк…