Сабактарга акча менен баа коюну талап кылган мугалим иштен алынды

 

Сабактарга акча менен баа коюну талап кылган Бишкек

медициналык колледжинин кызматкери иштен алынды.

Билим берүү мекемесинин директору Чолпон Усубалиева

Vesti.kgге билдиргендей, соцтармактарга жарыяланган

видео ушул окуу жылынын 1-семестринде тартылган.

Мугалим иштен кетүү боюнча өз каалоосу менен арыз жазды.

Ал колледжде 40 жылдан ашык эмгектенип келген.

Эске салсак, буга чейин студенттерден ар бир сабакка баа коюуга

100 сомдон, жалпы 400 сомдон берүүсүн талап кылган

мугалимдин видеосу коомчулукка жарыяланган.