Жалал-Абадда 7 адам каза тапкан жол кырсыгы катталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында,
бүгүн түндө Бишкек-Ош унаа жолунун 493-чакырымында
2 унаа кагышты. Кырсыктан 6 адам жабыркады.
Медициналык жардамга муктаж жарандар Шамалды-Сай
шаарчасындагы бейтапканага жеткирилди.
Учурда каза тапкандардын өздүгү такталууда.