Бишкектин айрым аймактарында таза суу жок болот.
Мэриядан билдиришкендей, эртең саат 9дан кечки 5ке чейин
Ак-Бата, Ак-Жар, Келечек конуштарында суу өчүрүлөт.
Мындан улам аймакка тиешелүү №43 орто мектеп
бир күнгө ишин токтотот. Убактылуу чектөөлөр
оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу.