Бишкек медициналык колледжинин окутуучусу студенттерден акча талап кылды.
Vesti.kg басылмасынын маалыматында, аталган видео соцтармактарга тарады.
Анда мугалим ар бир сабакка баа кою үчүн 100 сомдон, жалпысынан 400 сом
берүү керектигин билдирди. Эгерде шартка макул болушпаса экзамен
тапшыруу керектигин кошумчалаган. Ал эми бул иш боюнча Саламаттыкты
сактоо министрлиги комментарий кийинчирээк берилерин билдирди.