Кыргызстанда алгачкы ирет коронавирус катталды
Кыргызстанда алгачкы ирет коронавирус катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирет. Анын айтымында, Сауд Арабиясында умрага барган 3 жарандан вирус аныкталды. Белгилеп кетсек, 13-мартта кичи ажылыкка барган 651 кыргызстандык өлкөгө келишкен. Алар үй карантининде болчу.