Кыргызстанда алгачкы ирет коронавирус катталды.
Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри
Космосбек Чолпонбаев билдирет. Анын айтымында,
Сауд Арабиясында умрага барган 3 жарандан вирус аныкталды.
Белгилеп кетсек, 13-мартта кичи ажылыкка барган 651 кыргызстандык
өлкөгө келишкен. Алар үй карантининде болчу.