Сузактын вирус аныкталган аймактарына блок-посттор орнотулду
Сузактын вирус аныкталган аймактарына блок-посттор орнотулду. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылыч Жолдошев билдиргендей, 19 блок-пост карантин жарыяланган Бостон, Благовещенка жана Орто-Азия айылдарында пайда болду. Бул айылдарда адамдардын кирип-чыгуусуна чектөө киргизилди. Жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.