Япония Кыргызстанга коронавирусту аныктоочу 2 миң тест система берди.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет. Маалыматка караганда,
алар саламаттыкты сактоо министрлигине тапшырылды. Ал эми расмий
маалымат боюнча Кыргызстанда вирус каттала элек. 321 адам карантинге
алынды. Алардын абалы туруктуу. Ал эми дүйнөдө коронавируска
кабылгандардын саны 180 миңден ашты.