Европа чемпионаты 2021-жылдын жай мезгилине жылдырылды

Европа чемпионаты 2021-жылдын жай мезгилине жылдырылды.

Бул тууралуу УЕФА кечээ видеоконференцияда расмий түрдө жарыялады.

Ага уюмдун курамындагы 55 ассоциациянын өкүлдөрү тартылды.

Мелдешке Европанын 12 шаары катышып, ушул жылдын июнь-июль

айларында өтмөк. Кошумчаласак, футбол оюндарын жылдыруу

коронавирус пандемиясына байланыштуу.